Бишкекте “Жөө адамдардын бейиши” фестивалы болот

22-сентябрда Бишкекте “Жөө адамдардын бейиши” деп аталган фестиваль болот. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара Бишкек шаарынын 135 жылдыгына арналган мааракенин алкагында өткөрүлөт. Анда шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде жол кыймылы убактылуу жабылат. Көчө кварталдарга бөлүнүп, карнавалдык жүрүштөр, көргөзмөлөр болуп, сүрөтчүлөрдүн, музыканттардын, бийчилердин өнөрлөрү тартууланат. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын 135 жылдыгын өткөрүү 27-сентябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан