
"Disney" компаниясы коронавирустан улам чыгымга учурап, чыгашаны 175 миллион доллар деп баалады. Аталган компаниянын каржы директору
Кристин Маккарти өзгөчө кырдаалга байланыштуу Кытайдагы эки эс алуучу паркын жапканын айтып чыкты.
"Адатта мындай убакта, тагыраагы, Жаңы жылга карата паркка келгендердин саны аябай өсүп, эл жык-жыйма болуп калчу. Азырынча дагы канча чыгаша тартарыбызды айтуу кыйын болууда. Анткени парк ишин качан улантары белгисиз жана мурдагыдай эс алуучулар келип баштайбы деген суроолор жаралууда", - деген Маккарти.
Шанхай шаарындагы Диснейленд коронавирустун жайылышына байланыштуу 25-январда, ал эми Гонконгдогу парк 26-январда ишин убактылуу токтоткон.