Бүгүнтөн тарта республикадагы бардык мечиттер дезинфекцияланат

Бүгүн, 11-мартта коронавирусту алдын алуу максатында республикадагы бардык мечиттерди дезинфекциялоо иштери башталды. Алгач Бишкек шаарынын борбордук мечитине Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери келип, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат катчысы билдирет.

"Дезинфекция жасаган адистер дары каражаттары кошулган сууну мечиттин ичине, айнек-терезелерине, короосуна, дааратканасына чачты", - дешти маалымат кызматынан.

Бишкек шаарында жалпысынан 68 мечит бар, алардын баары кезек-кезеги менен күнүнө 2 жолу дезинфекцияланып турмакчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2020-03-11 17:23:23
Туура кылат.
+4
titanik32
2020-03-11 17:40:48
Кыргыз элим баарыбызга жакшы кабар!!!Кытай башчысы бүгүн Уханьга барды,Кытайда дээрлик коронавирус жайылуусу жуктуруусу азайып токтоптур.
+3
Erik2018
2020-03-11 17:41:02
сактыкка кордук жок коомдук жайлардын баарын дизинфекциялап чыгыш керек
+5
kuttubekuzgen
2020-03-11 18:11:05
Жакшы кылыптыр эми коомдук унааларды дагы ушинткилечи, тролейбуска чыгып ручкасын кармасан кирдин айынан колун батташатко.
+5
futboler
2020-03-11 18:47:07
Мектептерди да дезинфекциялагыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан