Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылында 3 эм төрөлдү. Ымыркайларга Айкөл, Сайкал, Көйкөл аттуу ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү айылдын тургундары билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда эне менен наристелердин абалы жакшы.
"3 эм төрөгөн келин 25 жашта. Үй-бүлөнүн дагы бир кыз, бир уулу бар. Ымыркайлардын салмагы 1 килограмм 500 грамм, 1 килограмм 800 грамм, 1 килограмм 900 грамм. Ал эми айыл өкмөт башчы келинге 50 миң сомдук сертификат тапшырды", - деп билдирди тургун.