Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин, өзгөчө кырдаалдар министрлик кызматына Замирбек Аскаровдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин токтому кабыл алынды.
Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер болуп иштегенин, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.
Буга чейин кечээ, 4-февралда алардын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жактырган.