Вице-мэр Мирлан Амантуров "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовго кайрылып, муниципалдык ишкананын кызматкерлери эмнеге 50, 60, 70 миң сом маяна алат деген. Бул тууралуу ал 3-февралда өткөн мэриянын жыйынында айткан.
"Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева вице-мэрди кызыктырган суроого жооп узатып, расмий баракчасына маянанын дүмүрчөгүн жарыялады.
"Мирлан Казылаевич, менин айлыгым 11 миң 890 сом, атайын эсеп дүмүрчөгүн сүрөткө тарттым. Айрым учурда түшкү тамак үчүн акчам жок болуп калат, мындай учурга кабылбайын деп иш бөлмөмдө 5, 10 сомдук тыйындарды топтойм. Атам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканда мөмө-жемишти карызга алып, кийинчерээк карызымды төлөчүмүн. "Тазалыктагы" жумушумдан тышкары, балдарга мастер-класстарды өтөм", - дейт ал.
Ал эми көчө шыпыргандар 8 миңден 25 миң сомго чейин айлык алат. Мисал үчүн алардын дагы маянасынын эсеп дүмүрчөгүн тартып алдым деген ал. Каракееванын айтымында, Мирлан Амантуров "Тазалыкка" жек көрүү менен мамиле кылат.
"Сиз жол маселеси боюнча арыздануулар үчүн өзүнчө чат ачып, мэрге көрсөтпөгөнгө аракет кыласыз. Ал эми тургундарга жакшы көрүнүш үчүн Инстаграмга костюм кийген, президент менен, журналисттер менен отурган сүрөттөрүңүздү жүктөйсүз. Мирлан Казылаевич, шаар тургундарынын сый-урматын акчага сатып ала албайсыз. Жашоочулардын сыйы акысыз, ушундай болуп келген, мындан ары дагы ушундай эле болот", - деп жыйынтыктаган билдирүүсүн.