"Акыркы жолу Айдар Акаевди бир айдай мурда көргөм. Ошондо арыктап, өңү бозоруп ооруп жүргөндөй сезилген. Маанайы дагы пас болчу", - дейт журналист Адилет Айтикеев. Ал SUPER.KG порталына маркумга тунгуч президент Аскар Акаевдин юбилейинде жолукканын айтып берди.
Акаевдердин үй-бүлөсүнүн жакындары: "Илим (ред. Айдар Акаевдин бир тууган иниси) бул жакта болчу. Эртең менен Москвага учуп кетти", - деп айтып беришти.
Бүгүн, 6-февралга караган түнү Айдар Акаев 43 жашында каза болгону кабарланып, андан кийин эле Аскар Акаевдин агасынын уулу Кубан Акаевдин көзү өтүп, кечээ жерге берилгени маалым болгон.