Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров "Тазалык" жана "Зеленхоз" кызматкерлеринин айлык акысын кыскартып салган. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда депутат Евгения Строкова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Вице-мэр Амантуров азыркы тапта жаман полиция кызматкеринин ролун аткарып жатат. Ал кол алдындагыларды чогулуштарда кемсинтет экен. Анын "Бишкекасфальтсервис" аттуу ишканасы жол куруу боюнча тендерлерди дайыма утуп келген. Эми дагы Гейдар Алиев атындагы сейил бакчаны курууда ошондой махинациялар жасалууда. Вице-мэрдин 2007-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки ишмердиги укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынышы керек", - дейт депутат.