Кара-Балтада дене тарбия мугалими сабакта окуучуларды тепкен видео тарады

Социалдык тармакка сабак учурунда дене тарбия мугалими окуучу баланы тепкен видео тарап, талкуу жаратты. Окуучу баланын эжесимин деген колдонуучу төмөнкүдөй нааразычылык пикирин калтырган.

"Бүгүн, 5-февраль күнү Кара-Балта шаарынын №2 орто мектептин спорт залында менин иним А.С.Б.ны дене тарбия мугалими бетке тепкен. Андан сырткары, мугалим башка баланы бетке тепкенин көрүүгө болот. Ал мугалим буга чейин деле окуучуларды тээп, түртүп, муунткан учурлар болгон. Аны эч ким далилдей алган эмес жана балдарга эч ким ишенген эмес. Бул жолу анын классташ кызы капыстан видеого тартып алган. Маалыматка караганда, мугалим буга чейин чек арачы болуп иштеген", - деп жазылган билдирүүдө.

Бул окуя тууралуу Билим берүү министрлигине байланышканыбызда, алар окуядан кабардар экендигин жана териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Кара-Балтада дене тарбия мугалими окуучуларды тепкен
Кара-Балтада сабак учурунда окуучуну тепкен мугалимге сөгүш жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Samatalibei
2020-02-06 12:46:08
Чынын айтканда азыркы мугалмдерде да куноо чон! Ата энени гана куноологон туура эмес мугалимдерге эмне болгон айлык акы кобойуп кооп кетишкенби! Ошол мугалимдин баласын башка биро тееп видеого тартып корсотсунчу. Ата эне катары коз карашы кандай болор экен?
-2
katerina.li
2020-02-06 12:55:34
Садист ко
Бетке теппеш керек болчу
-3
ZHYRGAl1412
2020-02-06 13:19:36
Норма кичине кичине эч нерсе болбойт эркек бала учун корунуп туратко катуу тепкен эмес.Мынчалык болбосо тартип болбойт укпайт мугалимди.когортуп же бир жерин сындырып эле койбосо мен за
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-06 13:31:56
Интернеке жайбай өз ара сүйлөшүп алсаңар болбойбу.
-3
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-06 13:33:56
Баарыбыз бала болгонбуз жана баарыбызда бала бар!

Дагы айтам, Кыргызстанда БАЛАНЫН УКУГУНУ КОРГОЙБУЗ деп жатып МУГАЛИМДИН УКУГУН ТЕБЕЛЕП бүттүк. Азыр окуучулар арызданчаак, эне-аталар ашкере баласаак болуп калдык. мектепке балдарыбыз татыктуу билим алсын, адам болсун, жакшы менен жаманды ажыратып таанысын, тил үйрөнсүн, дүйнө таанымы кеңейсин деп жиберип жатканыбызды унутуп койдук.

Кыргызда "Эти меники сөөгү сеники" деген сөз бар. Бекеринен Жакып атабыз Манас
+6
gute
2020-02-06 13:42:58
Мурун агайлар бизди чон таяктарды которуп келип алып сабачу эле. Ата-энебизге дагы айткандан коркчубуз айтып барсак кайра ырас кылат деп бизэи урушчу.
Андан эч жерибиз сынбай, орулуу болуп калбай жакшынакай эле жашап журобуз баарыбыз. Бул дагы болсо тарбия мугалимдер деле жон эле отурсан келип уруп сабабайт
+7
arimaz89
2020-02-06 14:20:02
Балдарды уруп, тээп коркуткан туура эмес. Балдар биздин келечегибиз. Ушундайлардын кесиринен кыргыздар жер көз, өз оюн эркин айта албаган коркок, өз позициясы жок ээрчиме калк болот да. Баланы жакшы сөз, туура тарбия менен эркин өстүрүш керек. Ошондо чоң кишидей чечкиндүү, өзү акыл калчап чечим чыгара алган чечкиндүү адам болуп өсөт.
-3
maksel2009
2020-02-06 14:25:58
Мектептерге эркек мугалимдерди кобойтуу керек
+7
KG.Kushtarbek
2020-02-06 15:06:42
Тепкенге укугу жок жазасын бергиле бечара кичинекей балдаркен
-1
Aroiz
2020-02-06 15:17:25
эчнерсе деле эмес экенго, чымын консо дагы тепти болуп калды азыркы убакта
+4
Wibee
2020-02-06 15:47:43
Бутун сынгыр жоопко тартылсын
-1
Azkoni
2020-02-06 16:06:11
Жумурткадан кыр издегендер кобойду.Баласы шоктонуп тойгозсо керек да.Озунордон да кетип аткандыр.Менин классташтарымды агайыбыз шоктуктары учун колу канаганча урчуу.Эч ким арызданчуу эмес.Азыр ал жигиттерибиз толтура кесиптин ээлери.
+1
medet1983
2020-02-06 16:25:06
Мугалимди коргогондор.Балдарынарды ошол манкурт мугалимге алып барып тептирип келгиле анда аябай акылдуу болуп чоноюушат.Эч кимдин тепкенге акысы жок бироонун баласын.
-3
aida007
2020-02-07 03:40:30
Негизи азыр заман озгордубу билбейм менин баламды бироо ушинтип тепкенин корсом журогум оорумак...биздин убакта Уруп согуп эле журушкон биз учун бул норма болчу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан