Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү саясатынын алгачкы жетишкендиктерин атады. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
"Коңшулардан артта калбай, жалпы коомубузду санарипке өткөрүү - бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап маалымкат же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт.
"Түндүк" системине 62 мамлекеттик орган жана 28 коммерциялык уюм кошулду. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка которуу - ыкчам темпте жүрүүдө. Мамлекеттик портал аркылуу 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис жеткиликтүү болду. Ал эми "Мамлекет - платформа катары" долбоору аркылуу 85 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервистер ишке киргизилген. Ошентип кызмат көрсөтүүлөрдүн жана сервистердин жалпы саны бүгүнкү күндө 276ны түзөт. 13 маалымкат автоматташтырылып, орточо 1,5 миллион маалымкат электрондук форматта берилди. Мамлекеттик органдардын ортосунда 20 миллиондон ашык электрондук форматта маалымат алмашуу жүргүзүлдү, алардын өз ара аракеттенүү процесси тездетилди. Бул канчалык деңгээлде бюрократияны жана убакытты азайтканы, кагазды үнөмдөгөнү түшүнүктүү. "Санарип аймак" санариптик платформасы иштелип жатат, жакынкы арада бул систем ар бир айыл өкмөттүн ишине кире баштайт. Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо - анын ичинде бардык чет өлкөлүк мекемелерде "Паспорт", "Жарандык абалдын актыларын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системи ишке киргизилди", - дейт мамлекет башчы.
Президент санариптештирүү коррупцияга каршы күрөштүн алкагында адамдык факторду азайтуудагы, коррупция менен күрөшүүдөгү эң негизги курал экенин белгиледи.