Өкмөт башчы: "Кыргыз мамлекетинин аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет"

Кыргыз мамлекетинин аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы учурда аэропорттордун мындан ары өнүгүүсүнүн моделинин үстүндө иштеп жаткан Эл аралык финансы корпорациясы 2019-жылы тандалганын белгиледи. Бул иштер кайтарымсыз шартта эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылып жатат. "Аэропорттордун өнүгүү моделинде инвестициянын көлөмү, салык сындуу параметрлер көрсөтүлөт. Бул Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, андан кийин тышкы башкарууга бериле турган компания тандалат. Муну менен аэропорттор менчиктештирилбейт. Бул эл аралык тажрыйба", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан