Искендер Матраимов: "Финансы министрлиги Кара-Суу районундагы төрт айыл өкмөттү дотациядан чыгарбай, жыл сайын 37 миллион сом акча берип жатат"

Депутат Искендер Матраимов Кара-Суу районундагы төрт айыл өкмөттү дотациядан чыгарбай, жыл сайын 37 миллион сом акча берип жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мага кечээ Кара-Суу акимчилигинен кат келип түштү. Алар Финансы министрлигине кайрылгандыгын билдиришкен. 2018-2019-жылдары Адылбек Касымалиевге, азыркы министр Бактыгүл Жээнбаевага кайрылышкан. Алар "Урматтуу министр, биздин төрт айыл өкмөттү дотациядан чыгарып койгула, биз өзүбүздү-өзүбүз каржылап жатабыз. Бул каражатты башка аймактарга бергиле" деп эки жылдан бери суранып жатышат. Финансы министрлиги эки жылдан бери буларды дотациядан чыгарбай, жылда 37 миллион сом акча берип жатат. Мен бул нерсеге түшүнбөй жатам", - дейт Матраимов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселени териштире турганын билдирди. "Бюджетибизге жакшы таасир болмок, мен бул тууралуу уккан эмесмин. Бул маселени териштирип анан жооп берейин", - дейт Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан