Ысык-Көлдүн Дархан айылынын тургунунун үйүнөн 10 килограммдан ашык баӊги заты табылды

Ысык-Көл облусунда 10 килограммдан ашык баӊги заты табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен Жети-Өгүз РИИБинин кызматкерлери бирдикте мыйзамсыз жүгүртүүдөн өзгөчө ири өлчөмдө баӊги затын алууга жетишти.

Январь айынын акырында Жети-Өгүз районунда "Кепа" аттуу адам үйүндө өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын үстүнөн ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөн учурда кылмышка шектүү Дархан айылынын 46 жаштагы тургуну Д.К. аттуу жаран болгон.

"Кылмышка шектүү адамдын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда мал сарайынан жана жер төлөсүнөн 8 данаа 5 литрлик пластикалык идишке жана целлофан баштыкка салынган жапайы кендир жыттанган өсүмдүк заты табылган. Экспертиза көрсөткөндөй табылган баӊги заты 10 килограмм 385 грамм марихуана жана 3 грамм гашиш болгон. Аталган факт, Жети-Өгүз РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан