Бүгүн, 6-февраль күнү Өкмөттө кезектеги жыйын өтүп, анда өлкөнүн аймагына кирген адамдар тууралуу маалымдоо жана коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына таратпоо жөнүндө сөз болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жыйында Кытайдан Тажикстан аркылуу Баткенге келген эки жаран коронавируска текшерүү үчүн ооруканага жаткырылганы айтылды. 6-февралга карата өлкөдө 260 адам дарыгердин көзөмөлүндө турат жана 154 адам ооруканада жатат. Баарынын абалы туруктуу. Кыргыз өлкөсү боюнча коронавируска кабылгандар жок.
Кытайдан келген жарандардан сасык тумоо жана ОРВИнин белгилери аныкталса, аларды текшерүүдөн өткөрүп, атайын бокс орнотулган палаталарга жаткырылат. Палатада аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлөт", - деп жазылат маалыматта.