Казакстанда өткөн суткада 3 миңге жакын адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, бир сутка ичинде аталган өлкөдө 2 миң 842 адамдан илдет аныкталды.
Аталган өлкөдө пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетине 269 миң 519 адам илдетке кабылды. Алардын ичинен:
Алматы шаарында - 41 миң 79;
Нур-Султан шаары - 35 миң 592;
Чыгыш Казакстан облусу - 23 миң 319;
Павлодар облусунда - 19 миң 475;
Атырау облусу - 19 миң 872. Калганы башка аймактардан аныкталган.
Жалпы 234 миң 57 бейтап оорудан сакайды.