Бүгүн, 20-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйынын берди.
Жыйында республикалык штабдын чечими менен, уруксат берилип иштеп жаткан ишмердүүлүктөрдүн санитардык талаптарды аткаруусу боюнча рейддер жүрүп жатканы айтылды.
"65 кызматкерден турган 7 мобилдүү топ түзүлдү. Топ тарабынан 1 миң 31 объект текшерилди. Анын негизинде санитардык-карантиндик талаптарды аткарбаган 64 объектинин ээлерине протокол түзүлдү. Жыйынтыгында ишкерлерге жалпы суммасы 130 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып салынды. Дагы 20га чукул объекти убактылуу ишин токтотту", - деди Саибжан Турдуев.