Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Манас", "Ош" жана башка аэропортторду тышкы башкарууга берүү тууралуу план бар экенин билдирген. Андан кийин өкмөт мүчөлөрү бул демилге аэропорттордун өнүгүшүнө өбөлгө түзө турганын айтышкан. Кечээ, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз мамлекетинин аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет" деп белгиледи.
SUPER.KG порталы "Өкмөт Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга бермек болуп жатат. Стратегиялык объектилерди иштетүүгө өкмөттүн өз дарамети жетпейби?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга берип койгонго болбой турганын айтты.
"2018-2019-жылды карап көрсөк, аэропорттон киреше түшүп жатат. Аэропортторду башка жаранга, башка компанияга же башка мамлекетке берүүнүн кереги жок. Банкрот болуп, кыйналып иштете албай жатсак, анда бул маселени койсо болот эле. Аэропортторго жаңы нерселерди киргизейин десе менеджерлерди, маркетологдорду алуу керек. Башкаруу толугу менен Кыргыз мамлекетинде болушу керек деп эсептейм. Компанияларды алып келсин бирок өзүбүзгө иштетүү зарыл. Аларга аэропортту башкарууга бергенге болбойт. "Манас" аэропорту стратегиялык маанилүү объект болуп эсептелет", - дейт Маматалиев.