Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга берүү элдин нааразычылыгын жаратышы мүмкүн". КҮНСОБОЛ

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Манас", "Ош" жана башка аэропортторду тышкы башкарууга берүү тууралуу план бар экенин билдирген. Андан кийин өкмөт мүчөлөрү бул демилге аэропорттордун өнүгүшүнө өбөлгө түзө турганын айтышкан. Кечээ, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз мамлекетинин аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет" деп белгиледи.

SUPER.KG порталы "Өкмөт Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга бермек болуп жатат. Стратегиялык объектилерди иштетүүгө өкмөттүн өз дарамети жетпейби?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга берүү элдин нааразычылыгын жаратышы мүмкүн деген оюн айтты.

"Кыргыз өлкөсүндө стратегиялык объекттерди мамлекет башкарышы керек. Мамлекеттик объекттерди менчикке же болбосо ижарага берүү туура эмес. Бир дагы мамлекет стратегиялык объектилерди жеке адамдын колуна, чет өлкөлүктөргө бербейт. Аэропорттор тышкы башкарууга берилсе коррупциялык жолдор менен ар кандай товарлардын өтүп кетишине шарттар түзүлүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан мамлекет өзү көзөмөлдөшү керек. Мындай демилге элдин нааразычылыгын жаратышы ыктымал", - дейт Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан