Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көмүскө экономика менен күрөштө салыкчылар борбордук звено болушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 6-февралда Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча коллегиясында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Эки жылдын ичинде салык системинде салыктык процедураларды фискалдаштырууну киргизүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча электрондук патент алуу жана салыктык отчёттуулукту электрондук түрдө тапшыруу системдери иштейт. 2020-жылдын 1-июлунан тарта электрондук эсеп-фактураларын колдонуу боюнча пилоттук долбоор иштеп баштаган", - дейт ал.
Премьер-министр ошону менен бирге Мамлекеттик салык кызматынын ишинде салыктык кирешелерди башкаруу боюнча олуттуу кемчиликтер бар экендигин белгиледи.
"Салык кызматынын негиздүү позициясы болуп, бизнестин ак ниет өкүлдөрүн колдоп, салык төлөөчүлөрдү негизсиз текшерүүлөрдү жоюушу керек. Ошондо гана туура атаандаштыкты түзө алабыз. Бекитилген планды аткарбагандардын бардыгы жада калса кызматтан бошотууга чейин катуу жазаланууга тийиш. 2020-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин бардык кемчилдиктер четтетилиши зарыл", - деди өкмөт башчы.
Абылгазиев салык кызматынын алдына бир катар тапшырмаларды койду. Анын ичинде салыктык жана социалдык төлөмдөр боюнча планды аткаруу, салыктык башкарууну санариптештирүү системин тезинен жана толук кандуу киргизүү милдеттендирилди.