15-январдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан Кубат Асановдун жансыз денеси 6-февралда табылгандыгы маалымдалган. Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат катчысы билдирет.
Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 6-февралда белгисиз жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун сөөгү жолдон 50-70 метр алыстыкта жатканын аныкташкан.
"Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат. Маркумдун денесинде көк ала тактар аныкталган эмес", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Буга чейин Канат Асановду бир тууган иниси Кубат Асанов 15-январда издеп чыгып, ал дагы ошол күндөн бери дайынсыз болуп жатканы маалымдалган.
"Бир туугандардын эч кандай материалдык байлыгы, бизнеси деле жок болчу. Жөнөкөй, карапайым эле адамдар. Алардын бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жатканы бизди тынчсыздандырууда", - деп билдирген Асановдордун жакыны.