Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде жазгы талаа иштерине карата даярдык көрүү маселеси каралат

Бүгүн, 10-февраль Жогорку Кеңештин комитетинде "2020-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө" өкмөттүн маалыматы угулат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жасайт.

Мындан тышкары, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 2020-жылга карата кабыл алынган иш пландары жана тармактык артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан