Кыргыздын 102 ишканасы продукцияларын ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөрдө сата алат

102 жергиликтүү ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөрдүн аймагында (Орусия жана Казакстан) сатуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн Ишканалардын реестрине кирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бирдиктүү реестрге аккредитациядан өткөн мамлекеттик органдардан Евразия экономикалык биримдигинин шайкештикти баалоосу боюнча 37 аккредитацияланган сыноо лабораториясы кирди. ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине кирген аккредитацияланган сыноо лабораторияларынын 26сы мамлекеттик менчик түрү, ал эми 11и менчик болуп саналат.

Евразия экономикалык биримдиги кабыл алган техникалык регламентинин 48и сертификация боюнча лабораториялар жана органдар ЕАЭБдин 25 техникалык регламенти боюнча аккредитациядан өттү.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы 1 ветеринардык жана 1 фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан