"Diamond princess" лайнеринде коронавируска кабылгандардын саны 130га жетти

Япониялык "Diamond princess" круиздик лайнериндеги жүргүнчүлөрдүн арасында коронавируска кабылгандардын саны 130га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазып чыгышты.

10-февралга карата Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, лайнерде коронавируска кабылгандардын саны 130га жеткен. Бир күн мурун бул көрсөткүч эки эсе аз болгон. Министрликтен билдиргендей, алар жөтөлгөн жана дене табы көтөрүлгөн экипаж мүчөлөрү менен жүргүнчүлөрдү тесттен өткөрүшкөн. Министр Кацунобу Като лайнердеги 3700дөн ашык адамдын баарын текшерүүдөн өткөрүүсү тууралуу маселе бийлик тарабынан чечилип жатканын жана тест жакшы чыкса, жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү лайнерден чыкса болорун билдирген.

Эске салсак, 3700 жүргүнчүсү бар япониялык круиздик лайнерде 10 чакты коронавируска кабылгандар бар экендиги аныкталып, кеме 5-февраль күнү 14 күнгө карантинге Йокогаманын портуна токтотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан