Казакстанда 13-июль коронавирустан каза болгондор үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланды

Коңшу Казакстанда 13-июль коронавирус инфекциясынан каза болгон казакстандыктар үчүн жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев телекөрсөтүүдөгү кайрылуусунда айткан.

"Мен пандемиянын курмандыгы болгон казакстандыктар үчүн өлкөдө 13-июлду жалпы аза күтүү күнү деп жарыялоону чечтим”, - деген Токаев.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда жалпы 51 миң 59 адамдан коронавирус аныкталды. 264 адам каза болсо, 16 миң 298 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KalenAlmaz
2020-07-08 22:34:48
Казак Кыргызстанда мынча кучоду оору.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан