Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айдай Аят кызы изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары билдирет.
Айдай Аят кызы 10-февраль күнү саат 15:00 чамасында Түштүк магистралдагы "Глобус" соода борборунун аймагынан Тойота Калдина үлгүсүндөгү таксиге түшүп кеткенин апасы айтып берди.
"Кызымдын мурун-кийин дайынсыз кеткен учурлары болгон эмес. Анын унаага түшүп кеткени ошол жактагы видео көзөмөл камерасына түшүп калыптыр. Азыр милиция кызымды издеп жатат", - дейт кыздын апасы.
Изделип жаткан кыздын өзгөчө белгилери: бою 170 сантиметр. Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери - кара түстөгү күрмө, кара шым жана ачык күрөң түстөгү бут кийим.
Айдай Аят кызы тууралуу маалымат билсеңиздер төмөнкү номерлерге байланышып коюну жакындары өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0706 801-291.