Ырчы Съездбек Искеналиев “Ак көпөлөк” ырына клип тарттырды. Ырдын сөзү жана обону Бек Борбиевге таандык. “Клипти "Cinemart Production" студиясында иштеген Арсен аттуу жигит тарткан. Бул ырды мурун Динара Акулова ырдап жүрчү. Бул ыр менен мен чоңойгом десем болот. Ал эми клип студияда тартылган, канча каражат кеткени сыр бойдон калсын”,- деди ырчы.