Бүгүн, 11-февралда болжол менен саат 12:10 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына чакыруу келип түшкөнүн Патрулдук милициядан маалымдашты. Анда айтылгандай, чакырууда шаардагы Республикалык көчөсүндө жайгашкан №41 орто мектептин жанында карышкыр жүргөндүгү тууралуу маалымат берилген.
"Ошол замат аталган дарекке Бишкек ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында карышкырды кармап, Мамлекеттик экология техникалык коопсуздук инспекциясына өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлү карышкырды "Бугу эне" коомдук фондуна өткөрүп беришкенин билдирди. Маалым болгондой, аталган фонд табигатка коё берүүгө болбой турган кароосуз калган жапайы жаныбарларды жана канаттууларды сактоо көйгөйүн чечүүгө көмөк берет.
"Бул фонддун кызматкерлери карышкырды алып кетти. Алар алып барып торго киргизип алгандан кийин, борбор калаага кайдан келген карышкыр экенин аныкташат. Ошондон кийин үйдө багылган карышкырбы же талаадан келдиби баары белгилүү болот. Үйдө кармалган карышкыр деле болушу мүмкүн, азыр карышкырды үйдө кармагандар көбөйүп кетпедиби, жапайы карышкыр болсо карматмак эмес деген ой келет", - деди ал.
Ал эми көп жылдан бери тайган агытып, ит багып, аны карышкыр менен аргындаштыруу үчүн үйүндө карышкыр багып келген Чыңгыз Сейитбековго байланышканыбызда, ал жаныбардын сүрөттөрүн көрүп төмөнкүдөй оюн айтты.
"15-февралда оюн болмок, ошол оюн үчүн Нарында үйүндө карышкыр кармагандар аны борборго алып келиши мүмкүн. Бул бала карышкыр, жетиле элек. Муну анын жүнүнөн билсе болот, кармалган карышкырдын жүнү тыбыт жүн болуп турат, карышкыр жетилгенде кылкан жүн болот. Биринчиден бөлтүрүктөн өтүп калган бирок жетилген эмес, экинчиден үйдө кармалган, ошол үчүн милиция аны кармай алды. Болбосо кармоо кыйын эле болмок", - деди Сейитбеков.