Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин колдоду. Депутаттар суроо-жоопсуз анын талапкерлигин кароо чечимин кабыл алышты.

Депутат Улугбек Ормонов суроо берүү керектигин айтты. "Азыр суроо берсек палатада суроолор аз болот эле", - деди ал.

Депутат Иса Өмүркулов бул чечимди депутаттар колдогонун айтты.

11-февралда вице-премьер Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барган.

Акрам Мадумаров учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан