Сооронбай Жээнбеков Бактыбек Абдиевге нааразычылыгын билдирди. "Жыйынтык көрсөтө албасаң, кет да"

Бүгүн, 12-февралда Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйыны учурунда президент Сооронбай Жээнбеков курулушка уруксат берүү жана экспертиза чөйрөсүндө Бирдиктүү терезе принцибин 2020-жылы толук кандуу ишке киргизүү талабын койду.

Президенттин айтымында, бул иш аткарылбагандыктан, курулуш тармагындагы тоскоолдуктардан улам, жогоруда айткандай курулушка уруксат алуу боюнча Doing business рейтингинде Кыргыз өлкөсү акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап кеткен. Мындан улам өлкө башчы Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиевге ачууланды.

"Төрт эле жылда 70 позицияга ылдыйлап кеттик. Эмне үчүн мындай көрсөткүч? Бул нерсени атайын кылып жатасыңар! Өз чөнтөгүңөрдү толтуруу үчүн жасалып жатат. Жыйынтык көрсөтө албасаң, кет да. 4 жылдан бери жүрөсүң. Курулуш боюнча 70 пайыз артка кетип жатабыз", - деди Жээнбеков.

Андан ары президент жыйында айтылган талаптарды жана комитеттин биринчи отурумундагы чечимдерин аткарылышын анализдеп, кийинки отурумга киргизүүнү катчылыкка тапшырды.

Президент дагы ачууланды: “Чөнтөк толтуруп жатасыңар, жыйынтык көрсөтпөйсүңөрбү!”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан