Каракол шаарында милиция кызматкерлери тарабынан унааны айдай качкан адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-февраль күнү Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын 40 жаштагы тургуну кайрылган. Болжол менен кечки саат 18:50 чамаларында Каракол шаарындагы таанышынын үйүнө келип, Ауди S4 үлгүсүндөгү унаасын Гагарин жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде калтырып, кайра чыгып таппай калган. Ошол замат "перехват" операциясы киргизилип, ыкчам иликтөө иштери башталган. Натыйжада Каракол шаарынын жол коопсуздугунун инспекторлору тарабынан изи сууй электе унааны айдап качканга шектүү катары Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну С.А. кармалды.
Аталган факты Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Кылмышка шектүү катары кармалган адам Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына баш коргоо чарасы кабыл алынганча 48 саатка киргизилди.