Кечээ, 13-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм кыздар төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Кыздардын апасы 37 жашта. Наристелер 2 килограмм 700 грамм, 2 килограмм 560 грамм жана 2 килограмм 800 грамм салмакта төрөлүштү.
Учурда эне жана кыздардын саламаттыгы жакшы экени айтылат маалыматта.