Америкада 33 жаштагы кыз интернет аркылуу таанышкан жигити экөөнүн биринчи жолугушуусунда кокусунан банкты карактоого катышуучу болуп кармалды

Американын Массачусетс штатында 33 жаштагы кыз интернет аркылуу таанышкан жигити экөөнүн биринчи жолугушуусунда кокусунан банкты карактоого катышуучу болуп кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Шелби Сампсон Род-Айленд штатынын тургуну Кастильо менен интернет аркылуу таанышкан. Алардын биринчи жолугушуусунда анын жигити кылмыш кылууну пландаган. Тактап айтканда жигит жолдо сыра ичкендиктен, унааны кыз башкарып бара жаткан. Банкка жакын калганда жигит унаадан түшүп кеткен. Бир канча убакыттан кийин жигит колуна акча, ок атуучу курал жана күндөн коргоочу көз айнекти кармап, унаага отурган. Кыздан унааны катуу ылдамдыкта айдоону суранган. Көп өтпөй кыз полиция кызматкерлерин көрүп, токтогон. Ошол жерден анын жигитин кармап, алар банкты тоноого шектелип жатканын айтышкан.

Бул иш боюнча сот шектүүлөргө чечим чыгарып, анда кызды карактоо боюнча 3 жылга, ал эми кызматкерлерге кол салуу боюнча 2 жылга эркинен ажыраткан. Бирок кайра жүргүзүлгөн тергөөдө кыздын күнөөсү жок экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2020-02-15 13:21:31
Болду эми кыз турмушка чыкпайт.
+4
KaGaH
2020-02-15 18:59:52
33 жаштагы кыз хе хе хе
+2
Jasa
2020-02-15 22:52:48
KaGaH, 23 болсо бир жон э?))))
+1
Michelangelo
2020-02-16 01:14:07
Макаланы ким жазса да ишине ийгилик.. Эки жолу окуп анан түшүндүм.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан