Баткен облусунун экс-губернатору Султан Айжигитов: "Өзүбүздүн жерибиз менен өзүбүз алмашып жаткан учурлар бар"

Бүгүн, 17-февралда "Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрү" аттуу коомдук-саясий талкуу өтүп жатат. Анда чек араны тактап чечүүнүн жолдору адистер жана активисттер тарабынан айтылып, сунушталып жатат.

Жыйында Баткен облусунун экс-губернатору Султан Айжигитов төмөнкүдөй пикирин билдирди. Айтымында, маселени чечиш үчүн СССР кулагандан кийин өлкө башчылары кол койгон документке кайтып барыш керек.

"Чек ара маселесин 30 жылдан бери чечебиз деп келе жатабыз. СССР кулагандан кийин эгемендүү мамлекет болуп калдык. Бул бизге Кудайдан берилген белек болду. СССР бузулганда Минскте, Алматыда жана башка өлкөлөрдүн ортосунда келишим түзүлгөн. Анын негизинде чек ара кандай болсо, ошондой кабыл алабыз деп өлкө башчылары чек арага байланыштуу документке кол койгон. Ошол 30 жылдык тарых аны көрсөтүп жатат. Ошондуктан андагы келишимге кайрылып, андан башташыбыз керек. Анклав көйгөйү негизи актуалдуу. Бул көйгөй көп өлкөлөрдө маселе боюнча келе жатат. Негизинен бизге караганда тажиктерге, өзбектерге суу, жер маселеси жакын болуп калды.

Мындан улам алар бизге салыштырмалуу бул маселеде тажрыйбалуу. Мындайча айтканда, өзүбүздүн жерибиз менен өзүбүз алмашып жаткан учурлар кездешүүдө. Ошондуктан муну өтө жакшы талкуулап, туура чечиш керек. Биздин элибизге кандай пайда берет деген суроолордун дагы жообун караш керек", - деди экс-губернатор Султан Айжигитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekbol2006
2020-02-18 01:09:03
Молодец киши бул
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан