Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында чайырга малынып, кыймылдай албай катып калган күчүктү сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, күчүк чайыр төгүлгөн аңга түшүп кеткен. Чайырга малынган күчүк кыймылдаганга, үргөнгө да жарабай калган. Башка иттер аны көрүп үрүп баштаганда балдар чуркап келип, ата-энелерин чакырып келишкен. Күчүктү чайырдан ажыратып алуу үчүн ыктыярчылар менен жаныбарларды коргоо уюмунун мүчөлөрүнө 50 литр май жана суу керектелген. Жергиликтүү тургундар менен ыктыярчылар 9 саат бою күчүк менен алышып, жүндөрүн кыркып, чайырдан арылтышкан. Аман калган күчүктү Алоэ деп атап коюшкан.