17-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
2020-жылдын 24-январындагы Коопсуздук кеңештин чечимдеринин ишке ашырылышы талкууланды.
Кызматтык-ыкчам ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын кароо боюнча коллегиялардын жыйындары өткөрүлгөнү, алардын жыйынтыгы менен укук коргоо органдарынын бир катар жетекчилери жана кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, айрымдары ээлеген кызмат орундарынан бошотулганы белгиленди.
"Укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине кызматтык тартипти бузууга жана бүтүндөй системинин беделин түшүрүүгө жол бербөөсү белгиленди. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу үчүн бардык чараларды көрүү тапшырылды. Президент Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешине караштуу өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Комитетинин экинчи жыйынынын алкагындагы бизнес өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер өлкөнүн бизнес-чөйрөсүн түйшөлткөн бир катар маселелерди көтөргөнүнө токтолду. Ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, бизнес тараптан күтүлгөндөй жигердүүлүк байкалбаганын, бул укук коргоо жана текшерүүчү органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдүн жана кысым көрсөтүүлөрдүн дагы эле болуп жатканы менен да шартталарын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдары менен көзөмөл органдары ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, мыйзамсыз текшерүүлөр боюнча фактылар аныкталса, тиешелүү чараларды көрүүлөрү керектигин кошумчалады. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам аракеттер көрүлүшү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал укук коргоо органдары менен бизнес-түзүмдөрүнүн өз ара мамилесин жакшыртуу жаатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
Коопсуздук кеңешинин катчысына ордуна келтирилген финансы каражаттарынын баары түздөн-түз республикалык бюджетке түшүүсүн шарттаган механизмди иштеп чыгуу тапшырылды.