"Diamond Princess" лайнериндеги карантин: Жүргүнчүлөрдүн алгачкы тобу бүгүн түрмөгө айланган кемеден жээкке түштү

Бүгүн, 19-февралда "Diamond Princess" ("Бриллиант ханбийке") круиздик лайнеринен коронавирус жуктурбаган 500дөй жүргүнчү кемеден жээкке түштү. Алардын көбү кары-картаңдар. Бул окуяга соңку эки апта бою дүйнөлүк коомчулук көз салып отурду. Себеби Кытайдан тышкары жакта эң көп коронавирус жуктуруп алгандар ушул Японияда катталды.



КИМ? ЭМНЕ? КАЧАН? КАЙСЫ ЖЕРДЕ? ЭМНЕ ҮЧҮН? КАНДАЙЧА?

Журналисттер кайсы бир маалыматты тактоонун алдында жогорудагы суроолорго жооп издөөдөн башташат. 20-январда "Diamond Princess" лайнери Япониянын Йокогамасынан эки апталык саякатын баштап, Вьетнам жана Кытайдагы портторго токтогон. 3-февралда кеме Йокогамага кайтып келгенден кийин 5-февралдан баштап 14 күндүк карантинге коюлган. Кемеден эч бир адамдын жээкке түшүшүнө уруксат берилген эмес. Анткени Гонконгдон 25-январда түшүп калган 80 жаштагы жүргүнчүдөн 1-февралда ооруканага барган учурда коронавирустун белгилери аныкталган. Учурда анын абалы туруктуу.


1 АДАМДАН БАШТАЛГАН ИЛДЕТ 500дөн АШУУН АДАМГА ЖУКТУ

5-февралга карата кемеде вируска чалдыккан 10 адам бар экендиги маалымдалган. Кемеде карантин жарыяланган учурда 50 өлкөдөн 2 миң 666 жүргүнчү жана 1 миң 45 экипаж мүчөлөрү болгон. Саякатка чыккандардын көпчүлүгү Япониянын жарандары. 8-февралга карата 64 киши вирусту жуктуруп алганы айтылган. Алардын баары жээктеги Канагава префектурасындагы оорукананын бирине жаткырылган. 19-февралга карата лайнерде коронавирус жуктургандардын саны 542 кишини түздү.

КЕМЕДЕ КАМАЛГАНДАР ЭМНЕ КЫЛЫП ЖАТЫШАТ?

"Diamond Princess" круиздик лайнеринде түрдүү класстагы каюталар бар. Кээ бир каюталарда терезе, балкондору, гидромассаждуу ванналар менен жабдылган. Бардык жүргүнчүлөргө бортто көңүл ачуучу жайлар: бассейн, теннис ойнолуучу аянтча, гольф талаасы, театр, казино, кичинекейлерге арналган клуб, көркөм сүрөт көргөзмөсү, түнкү клуб, китепкана, көптөгөн дүкөндөр, кафе жана ресторандар жайгашкан.


Лайнердеги бардык жарандар жогорудагы кызматтарды колдоно алышат. Бирок карантин жарыяланган күндөн тартып, бардык жайларга барууга тыюу салынган. Ар ким өзүнүн каютасын таштап кетүүгө болбойт. Ал эми бул эрежелерди сактоону экипаж мүчөлөрү көзөмөлдөп жатат. Терезеси жок каютада жайгашкан жүргүнчүлөр үчүн бул күндөр өтө оор болгон. Карантин жарыялангандан эки күн өткөндөн кийин Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүнчүлөргө каютадан чыгып сейилдөөгө уруксат берген. Бирок жарым саатка жана бири-биринен жарым метр аралыкты сактоо талабы киргизилген. Мындан сырткары компаниянын өкүлдөрү жүргүнчүлөрдүн карантин убактысын жакшы өткөрүү максатында бардык күчүн жумшоодо. Алар каютадагы телевизорлорду 8 кошумча канал менен 80 тасманы түрдүү тилде коюп жатышат. Интернет менен камсыздап, кроссворд, викториналарды, оюндарды жана кичинекейлер үчүн оюнчуктарды жана таттууларды берип жатышат.


Жүргүнчүлөргө медициналык маскалар, кол кап жана дене табын өлчөөчү прибор (градусник) таркатылган. Эгер дене табы 37,5тен аша турган болсо, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек экендиги айтылган.

НААРАЗЫ БОЛГОН ЖҮРГҮНЧҮЛӨР

Жүргүнчүлөр лайнерде саякаттан тышкары дагы эки апта болушун ойлошкон эмес. Алар үйлөрүнө жана жумушуна кайтып баруусу керек эле. АКШнын жарандары болгон жубайлар "Бул жакта баары тынч, эч ким кыйкырып же ыйлаган деле жок. Болгону биз качан үйгө барарыбыз ойлондуруп жатат" дешкен.

Кээ бир жүргүнчүлөр лайнерди сууда сүзүп жүрүүчү түрмөгө окшоштурушкан.



Аталган круиздик лайнерде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Кыргыз жараны да бар экендигин дүйнөлүк басылмалар Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыккан эле. Бул маалымат ачыкталган соң, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги кемеде бир Кыргыз жараны бар экенин ырастап, аны менен 6-февралдан бери байланышта экенин билдирген. Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны кошуна каютада жаткан адамдан коронавирус аныкталгандыктан ага да жугуп калышы мүмкүн деген шек жаралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-02-19 23:22:56
жукпай эле койсо экен биздин жаранга.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан