Бүгүн, 26-март өзгөчө кырдаал тартибинин экинчи күнү. Саат 20:00дөн 07:00гө чейин Бишкек, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коменданттык саат киргизилген.
Коменданттык сааттын экинчи күнүндө Бишкек шаарында жымжырттык орун алганын көрүүгө болот. Борбор калаадагы көчөлөрдө унаалардын каттамы көзгө урунбайт.
Бишкектин Жусуп Абдрахманов жана Москва көчөсүндөгү абал.
25-март саат 08:00дөн тарта 15-апрель саат 08:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.