Коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясында элге көчөгө чыгууга тыюу салынды

Коронавирустун очогу болгон Хубэй провинциясында элге үйдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Би-би-си маалымат агенттиги жазып чыкты.

58 миллион адам жашаган аталган аймакта полиция, "Тез жардам" кызматынан башка бардык транспортто жүрүүгө тыюу салынды. Мындай катуу талап четки аймактарга да тиешелүү. Зарыл учурда үйдүн бир гана мүчөсүнө 3 күндө бир гана жолу чыгууга уруксат берилет. Анда да чыккан адам сөзсүз түрдө бет кап кийип, башка адамдарга 1 жарым метрден жакын жолобошу керек. Бардык көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулган.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада эле Хубэй провинцияда 1 843 адам коронавируска кабылып, 139 адам каза болгон. Эпидемияга кабылгандардын, каза болгондордун саны бул аймакта эң көп болгондуктан, үйдөн чыкпоо талабы киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KAYRATBEK
2020-02-17 17:33:34
Уйгурларды камады бирок Аллах миллиондогон эли бар шаарын камап койду Алланын кудурети чексиз.
+21
Avrora2017
2020-02-18 10:26:59
KAYRATBEK,tabalagandy gana jakshy bilesiner e tobo debei erten ozun kamalyp kalba uiundo
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан