Кечээ, 17-февралда Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясынын алдына эл топтолгон. Алар логистикалык борбор - Ат-Башы эркин экономикалык зонанын курулушуна каршы болуп чыгышкан.
“Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорду жапты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылганы маалым болду.
SUPER.KG порталы "15 миңдей жумуш ордун камсыз кылып, миллиондогон инвестиция келе турган логистикалык борбордун курулбай калышына кимдер кызыкдар болушту?" деген собол салды.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров логистикалык борбор айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизе турганын билдирди.
"Менин оюмча, Кыргыз мамлекетинин экологиясы үчүн күйгөн жарандар логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккандар. Логистикалык борбор сөзсүз түрдө айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккан жарандарды колдойм. 15 миңдей жумушчу орун берилет деп келишим түзүлгөнү менен иш жүзүндө ал орундарды көбүнчө Кытайдын жарандары ээлеп алышмак", - дейт Токтонасыров.