Ырчы Арстан Абдылдаевдин “Жоокердик кызмат” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзүн жана обонун Майрамбек Жумагулов жараткан. Аткаруучунун айтымында, ыр жарандарды мекенге кызмат өтөөгө чакырууга багытталган. “Бүгүнкү күндө аскерге барып кызмат өтөөнү баары башкача мааниде түшүнүп, башкача көз карашта карап калышты. Буюрса, жаңы жылга чейин клип тарттыруу пландалып жатат”,- деди ырчы.