Жарандык активист Нурказы Батырбеков: "Мектепти бүтүргөндөр өлкөгө гепатит В дартына каршы вакцина алып берсек"

Жарандык активист Нурказы Батырбеков мектепти бүткөнүнө 20-30 жыл болгон бүтүрүүчүлөргө жалпы топтолуп, гепатит В дартына каршы вакцинаны алып берүү керектигин сунуштап жатат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына айтып, кайрылды. Айтымында, бардык жарандар бул ишке жапырт киришсе, маселе чечилмек.

Ал 2 жылдан бери гепатит В дартына каршы вакцинаны сурап Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып келет. Анын билдиришинче, бул жаатта каржы тартыштыгынан маселе чечилбей жатат.

“Урматтуу мекендештер, быйыл мектепти бүтүп, уядан учканыбызга кээ бирибизге 10 жыл болсо, кай бирибизге 20-30 жыл болду. Азыркы учурда социалдык тармактар аркылуу боор алмаштыруучу аппарат алып берүү боюнча ар кандай маалыматтар таркап жатат.

Ооба, бул суроо мамлекеттик деңгээлде чечиле турган, орчундуу маселе. Ал эми менин мекендештериме кайрылуу иретинде сунушум бар эле. Бардык бүтүрүүчүлөр топтолуп, гепатит В дартына каршы вакцинаны кыргыз элибизге алып берсек жакшы болмок. Баарыбыз бир тегерек столдо олтуруп, кеңешели. Мен силерден колдоо күтөм”, - деп билдирди Батырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rakyl12
2020-02-18 20:45:19
Кантип байланышсак болот бул жигит менен.
+5
nazi25
2020-02-18 20:54:33
Абдан жакшы ой.Колдоо керек.Мамлекеттен пайда жок.
+8
Shef87
2020-02-18 21:33:36
Эң туура
+5
Shef87
2020-02-18 21:35:33
Бирок топтолгон акчага камиссия түзүп ушулар аралашпаса биздин жырткычтар дагы жеп койсо ишке ашпай калат
+7
Petrovka
2020-02-18 22:06:11
Эң жакшы сунуш
+6
tina-Tin
2020-02-18 23:43:19
Колдойм 100 пайыз
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан