Ооруканада каза болгон 19 жаштагы келиндин окуясы. Саламаттыкты сактоо министрлиги маркум эмнеден улам көз жумганын айтты

3 ай мурда эгиз төрөгөн 19 жаштагы келин Бишкектеги Улуттук госпиталда каза болгондугу маалымдалган. Саламаттыкты сактоо министрлиги маркум эмнеден улам каза болгонун айтат.

"19 жаштагы Ж.Э. Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Улуттук госпиталга 6-февралда которулган. Төрөттөн кийин анын бөйрөктөрү курч жабыркаганынан улам 25 суткага ооруканага келип түшкөн. Дарыгерлер тарабынан тиешелүү болгон дарылоо иштери жүргүзүлүп, консилиум түзүлгөн.

Бардык медициналык дарылоолорго карабай бейтаптын абалы оор бойдон кала берген. Келин 17-февралда көз жумду. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү, жыйынтыгы 2 ай аралыгында белгилүү болот", - деп билдирет мекеменин басма сөз катчысы.

Окуя тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматы бүгүн, 18-февралда билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 152-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди аткаруу талаптагыдай эмес) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shef87
2020-02-18 21:38:31
Неге эки ай
+6
Alixan-Nookat.2015
2020-02-18 23:04:18
Shef87,Эки айда унутулат ишти жаап салат
+6
Adil18
2020-02-19 00:03:38
Эмнеге Кыргызстанда баардык нерсенин жыйынтыгы кеч чыгат.Негизи канча убакытта экспертизанын жыйынтыгы чыгышы керек?
Супер Инфо силер дагы элге ушул жонундо толук маалыматты кошо жазсаныздар.Адамдын олуму жонундо макала болуп жатат.
Казакстан,Озбекстанда экспертизанын жыйынтыгы канча убакытта белгилуу болушу керек.
Жаткан жери жайлуу болсун.
+6
guard
2020-02-19 04:52:44
Эмнеге эки айда чыгат, жаны вирусту изилдеп жатышкансып, эки айда керек болсо жаны вируска вакцина табышат ко...
+5
aiba_00
2020-02-19 16:05:10
Уч ай мурун эгиз торосо, бул дагы башка маткада жаткан балага го ээ. Двуроговое маткаларга ушундай болуп калышы мумкун экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан