Өкмөт башчы: "Инвесторго ишенбөөчүлүк - бул негизинен мурдагылардын каталарынын кесепети"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө тарыхында алыскы районго соода-логистикалык борборун уюштурууга миллиондогон доллар салууга ниеттенген ири инвестор мамлекеттин эч кандай кепилдигисиз алгачкы ирет келгенин айтты. Бул тууралуу ал бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Өкмөт башчынын айтымында, инвестор өзүнө бир нече милдеттерди алган. "Өкмөт бардык пайданы жана инвестордун милдеттерин кылдаттык менен аныктап, бул долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылды. Дал ошол үчүн мамлекет тараптын эркин жана толук колдоосун сезгендиктен, инвестор ири масштабдуу курулуш иштерине даярдык көрүп, долбоорду ишке ашыруунун активдүү фазасына киришкен.

Бирок учурда жергиликтүү эл менен мамиленин жасалма түрдө бузулушунан улам компания долбоордон чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Биз сырттан таңууланган жана нарындыктардын кызыкчылыктарына каршы келген бул пикир жалган, ушак жана фейк маалыматтарды таратуу аркылуу активдүү жайылтылган деп ишенебиз. Негизсиз ызы-чууга кабылгандардын көп бөлүгүн жаштар түзгөнү өтө өкүнүчтүү. Ал арада дал ушул жаштар аймактарды өнүктүрүү жана адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн бардык ресурстарды, анын ичинде кайсы өлкөнүн болбосун чет элдик инвесторлордун ресурстарын колдонуу зарылдыгын жакшы түшүнүүгө тийиш. Бул жашоочулары жумуш издеп туулган жеринен кетип жаткандыгы байкалган дотациядагы аймактар үчүн өзгөчө мааниге ээ”, - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

"Биз коомчулуктун инвесторго карата калыс жана объективдүү мамилесин калыптандыруу үчүн убакыт керек экенин моюнга алышыбыз керек. Өкмөттүн бүгүнкү күч-аракеттери буга чейинкилердин олуттуу катачылыгынын кесепетин тартууда. Мындай ири инвестордун кетишине биринчи кезекте ири долбоорлорду экономиканын флагманы кылуунун ордуна коррупциянын уюгуна айлантып, өлкөнүн кызыкчылыгына чыккынчылык кылуунун, жаратылышты кыйратуунун мисалы болуп калган мурда кабыл алынган чечимдерге карата элдин ишенбөөчүлүгү түрткү болорун өкүнүү менен билдиребиз. Ошол эле учурда жарандардын ою эске алынбай, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголбой калган", - дейт өкмөт башчы.

Буга чейин логистикалык борбордун инвестору Эмил Абдыкадыров кайрылуу жасаган. "Коомубуздагы эки ача пикирлерди жана тынчсызданууларды эске алып, элибиздин жана өлкөбүздүн тынчтыгын баарынан жогору коюп, аталган долбоорду токтотууну туура көрдүк", - деп айтылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан