Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери "Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановго жолугуп чыгышты. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.
"Биздин кызматкерлер бүгүн, 19-февралда убактылуу кармоочу жайынан Элмир Сыдымановго жолугушту. Ал эч кандай коркутуу-үркүтүү болбогонун айтты. Анын баш коргоо чарасында мамлекеттик жактоочу катышкан. Ал эми бүгүн өзүнүн жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты", - деди ал.
Кечээ, 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган.
Белгилей кетсек, Сыдыман социалдык тармакта хейтерлери тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.