Депутат Дастан Бекешев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 70 миң сомдон бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Быйыл Жеңиш күнүнө 75 жыл болот. Бул күндү майрамдап келебиз, бирок ардагерлерге жакшы көңүл бура албай жатабыз. Ушул жылы ардагерлердин ар бирине 70 миң сомдон берүүнү сунуштайм. Ардагерлерибиз аз эле калды. Өмүр ушундай экен. Аларга азыр жардам бербесек болбойт", - дейт Бекешев.