Быйыл биринчи кезекте балдарды колдоо саясаты көңүл борборунда болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Балдарга жөлөк пулду чектөөнүн жаңы тартибин аныктаган, аярлуу үй-бүлөлөрдү колдогон, коррупциялык тобокелдиктерди азайткан, санарип технологиялары терең колдонулган нормаларды камтыган мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңешке киргизилет. Балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо, мындай иштердин алдын алуу, кароосуз калган балдардын ар бирине камкордук көрүү боюнча жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын милдеттерин күчөткөн мыйзамдарды кабыл алуу абзел. Бул мыйзамдарды быйыл, балдарды колдоо жылында ишке киргизүү абдан маанилүү", - дейт ал.