Депутат Сайдулла Нышанов: "Парламент ойдогудай күчтүү боло элек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Анда ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жарандык коом ачык, маалымат каражаттары эркин, парламент күчтүү болушу керектигин айтты. Мамлекет башчы бул демократиялык коомдогу негизги баалуулуктар экенин эскертти.

SUPER.KG порталы "Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жарандык коом ачык, ЖМКлар эркин, парламент күчтүү болушу керек" деди президент. Азыркы тапта жарандык коом ачык, ЖМКлар эркин, ал эми парламент күчтүүбү?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов парламент күчтүүбү же жокпу эл айтышы керектигин белгиледи. "Маалымат каражаттары Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинде эркиндик боюнча алдыда. Ал эми парламент ойдогудай күчтүү боло элек. Бүгүнкү күнү парламентке өтүү боюнча босоголук чек тууралуу талкуу болуп жатат. Көпчүлүк босоголук чек 3-5-7 пайыз болуш керек деп жатат. Канча көп фракция келген сайын жоопкерчилик жоголот экен. Мисалы бүгүн 6 фракция бар. Премьер-министр кызматтан кетсе жооп бере турган адам жок. Жарандык коом жөнүндө айта турган болсок, бул боюнча маселе деле жок. Себеби жарандык коом ачык", - дейт Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан