Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Анда ал өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жарандык коом ачык, маалымат каражаттары эркин, парламент күчтүү болушу керектигин айтты. Мамлекет башчы бул демократиялык коомдогу негизги баалуулуктар экенин эскертти.
SUPER.KG порталы "Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жарандык коом ачык, ЖМКлар эркин, парламент күчтүү болушу керек" деди президент. Азыркы тапта жарандык коом ачык, ЖМКлар эркин, ал эми парламент күчтүүбү?" деген собол салды.
Мурдагы элчи Кылычбек Султан азыркы учурда Сооронбай Жээнбековдо жарандык коом менен парламенттин күчтүү болушун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин болушун камсыздай ала турган жетиштүү бийлик бар деген пикирде.
"Негизинен, бул пикирдин өзү өтө эле примитивдүү. Дүйнөдө аталган критерийлерге жооп бербеген, бирок өнүгүү жагынан алдыңкы орундарда турган мамлекеттер бар. Ал эми биздин өлкөдө, тилекке каршы, өнүгүү да жок жана ошол айтылган демократиянын белгилери да жоголуп бара жатат.
Баарынан күлкүлүүсү ушуларды айтып жаткан адам өзү эң биринчи кезекте өлкөнүн өнүгүүсүнө жооптуу. Анткени азыркы учурда Сооронбай Жээнбековдо жарандык коом менен парламенттин күчтүү болушун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин болушун камсыздай ала турган жетиштүү бийлик бар. Ал эми андай болуш керек, мындай болуш керек деп айтып коюу катардагы жарандын деле колунан келет", - дейт Кылычбек Султан.