Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин "Республика - Ата-Журт" фракциясы унаа жолдорду жакшыртуу долбооруна сунуштарды карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы эксперт Кубанычбек Бейшеев, Зарылбек Нышан уулу жасайт. Мындан тышкары жыйында 2 маселе талкууланат. Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоо жаатында мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө жана ар кандай маселе каралат.