Депутат Бактыбек Райымкулов педофилдерге карата бычуу ыкмасын киргизүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-февралда "Республика - Ата-Журт" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күндө жумушсуздуктун учурунда сыртта мигрант болуп кеткендер көп. Алар балдарын туугандарына таштап кетип жатат. Зомбулуктун бардыгы ошол жакта болууда. Казакстанда педофилдерге карата бычуу ыкмасын киргизди. Андайларды өмүр бою эркинен ажыратуу керек же болбосо бычуу ыкмасын колдонуу зарыл", - дейт Райымкулов.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айыл өкмөттөрдө атайын штабдар ачылганын эскертти. "Алар үймө-үй кыдырып, туугандарынын үйлөрүнө ташталган балдарды көзөмөлгө алып турат. Мындан улам балдарга болгон зомбулук 40 пайызга кыскарды", - дейт Өмүрбекова.
Депутат мындай иш менен эч нерсе чечилбей турганын айтты.